Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Жогорку Кеңешке дагы бир жаңы депутат келет
01.10.2024 | 10:58
Алтынбек Кылычбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
БШК Кылычбаевге депутаттык күбөлүк менен төш белгини тапшырган.
Алтынбек Кылычбаев №13 Сузак шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланды. Шайлоо 22-сентябрда өткөн.
Эскерте кетсек, аталган округ боюнча буга чейин Тазабек Икрамов депутат болгон. Ал 2021-жылы шайланып, быйыл июлда УКМКга бир нече жолу суракка баргандан кийин мандатын тапшырган.
https://reporter.kg/dagy-bir-deputat-zhkdan-ketti-bul-iret-tazabek-ikramov-mandatyn-tapshyrdy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом