Чүйдө жер тилкесин мыйзамсыз басып алуу схемасы аныкталды

Чүйдө жер тилкесин мыйзамсыз басып алуу схемасы аныкталды

Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун аймагында бир гектардан ашык жерди өз алдынча басып алуу жана металл конструкцияларын чыгаруучу цехти мыйзамсыз куруу боюнча кылмыш схемасы аныкталды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«2021-жылы жеке ишкерлер 1968-жылы туулган А.В. жана 1971-жылы туулган Л.С. менен Ленин айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси, мурда бир нече жолу соттолгон 1970-жылы туулган Д.А. менен келишим түзүшкөн.

Д.А., 2007- жана 2008-жылдардагы токтомдордун дубликатын, анын ичинде жер тилкесин ишкерлерге ижарага берүү боюнча жалган маалыматтарды даярдашкан. Документтердин аныктыгын берүү үчүн Ленин айыл өкмөтүнүн мөөрлөрү басылган.

Ленинское айылында жайгашкан бир гектар жер тилкесин басып алгандан кийин ишкерлер металл иштетүүчү цех курууну уюштурушкан. 2023-жылдын ноябрында алар жер тилкесин жасалма документтер менен өздөрүнүн атына каттатууга аракет кылышкан», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Документтерди жасалмалоо фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында мурдагы жер адиси Д.А кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>