Кабмин бизнести колдоонун 2030-жылга чейинки программасын чукул бекитүүнү тапшырды
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешмени ачып жатып, Кабмин башчысы ЧОБду (чакан жана орто бизнести) өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы деп атап, төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү келтирди:
«Акыркы үч жылда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 40 пайыздан 51 пайызга чейин өстү. Бул туруктуу экономикалык өсүштүн маанилүү көрсөткүчү. Өнүктүрүү фонддору айылдардагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушу керек. Долбоорлорду ишке ашырууну каалаган демилгелүү жарандарга тийиштүү колдоо көрсөтүү зарыл».
Кеңешмеде Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки программасынын долбоору тааныштырылды. Ошондой эле пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу ишкерлерди жеңилдетилген насыялоо долбоорунун ишке ашырылышы жана буга чейин кабыл алынган колдоо чаралары талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарга программаны эң кыска мөөнөттө бекитүү тапшырылды. Документ жеңилдетилген насыялык продуктулардын жана кепилдик механизмдеринин эсебинен ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү, ошондой эле бизнести окутуу, акселерация жана коштоо системасын өнүктүрүүнү карайт.