Ош – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылды

Ош – Кашкар – Ош багыты боюнча түз авиакаттам ачылып, алгачкы каттамдар аткарыла баштады. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Учуулар аптанын шейшемби күндөрү Ош эл аралык аэропорту аркылуу ишке ашырылат. Каттамды Кытайдын Chengdu Airlines авиакомпаниясы тейлейт.
Каттамдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, өз сөзүндө бул багыт экономикалык байланыштарды чыңдоого жана соода жүгүртүүнү активдештирүүгө шарт түзөрүн билдирди. Анын айтымында, Кашкар менен түз байланыш ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жаңы маршрут туризм тармагын өнүктүрүүгө жана Ош шаарына туристтердин келишин көбөйтүүгө багытталган. Ошондой эле авиакаттам жол жүрүү убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Буга чейин Ош – Кашкар багытында унаа менен жол жүрүү 8 саатка чейин созулуп келген.