Кыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Кыргызстан дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнө айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрүн жеткирет. 2025-жылдын жыйынтыгы менен республиканын жалпы экспорттук көлөмүндөгү агропродукциянын жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясынын үлүшү 13,3%ды түздү — өткөн жылы бул көрсөткүч 8,8% болгон.
ЕАЭБ өлкөлөрү негизги соода өнөктөштөрү бойдон калууда — алардын үлүшүнө агроэкспорттун 51%ы, же 17,1 млрд сом туура келет.
Эң ири багыттар болуп Орусия жана Казакстан саналат, алардын ар бири 7,8 млрд сомдук продукция сатып алышкан. Орусияга негизинен эт-сүт азыктары, жашылча жана мөмө-жемиштер, Казакстанга — жашылча, мөмө-жемиштер, канаттуулардын эти жана сүт азыктары жеткирилет. Беларусь 1,5 млрд сомдук, ал эми Армения 13 млн сомдук кыргыз продукциясын импорттогон.