Ноокатта милиция кармаган активист тергөө абагына камалды

Ноокатта милиция кармаган активист тергөө абагына камалды

Ош облусунун Ноокат районунда милиция тарабынан кармалган активист Азамат Карабаев бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда Ноокат райондук соту тергөөчүү келтирген өтүнүч боюнча Азамат Карабаевди 22-ноябрга чейин камакка алган. Ал тергөө аяктаганча тергөө абагында болот. Активист бул чечимди облустук сотко даттана алат.

Карабаев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктарга чакырык жасоо) жана 41-беренесинин 2-бөлүгү (кылмышка катышуучулардын түрлөрү, уюштуруучу) боюнча шектелүүдө.

Эскерте кетсек, Азамат Карабаев 22-октябрда кечинде кармалган. Карабаев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеодон көрүнгөндөй, аны жол тескөөчүсү токтотуп, жол эреже бузганын айтат. Көп өтпөй эле милиция кызматкерлери келип, Карабаевге козголгон кылмыш иши бар экенин айтып, аны тергөө кызматына жеткирүү үчүн аларга тапшырма берилгенин билдирет.

Бул боюнча Ош облустук милициясы билдиргендей, быйыл 5-июлда Т. Кулатов айыл аймагынын тургундары, анын ичинде Азамат Карабаев «ЮКЦ» цемент заводуна барган. Алар чет элдик инвесторлордун иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып, Карабаевди кайрадан «ЮКЦ» цемент заводуна жумушка алуу талабын коюп, бейбаштык кылышкан.

Активист заводго баргандарынын видеосун Ютубдагы «За Правду» каналына чыгарган. Кийин ал видео экспертизага жөнөтүлүп, Карабаевге кылмыш иши козголгон.

Азамат Карабаев соцтармактарда бир катар маселелерди көтөрүп жүргөн. Жакында эле ал Ноокаттын милиция кызматкерлери өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна райондук милициянын имаратынын оңдоп-түзөө иштерине тартылганын, Ноокаттагы салынып жаткан жол бүтпөй жатып бузула баштаган билдирип, видеолорун чыгарган.

Ал мурда укук коргоо органдарында иштегени белгилүү болгон.

Ноокатта милицияны сындап, бузулган жол тууралуу айткан активист кармалды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>