Бишкекте МИКтин үйлөрүнүн ичинде жаңы мектеп филиалы ишке кирдиТажикстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук» жана «Тоскоолдук» машыгуулары башталдыСамаркандда Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлери жолугуштуТүштүк аймактарда 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилетСербияда U-23 дүйнө чемпионаты башталат — кыргызстандык балбандар килемге чыгатКытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка артка кайтарылды
Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун айрым бөлүгүнө жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
26.10.2024 | 14:18
Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун айрым бөлүгүнө оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка караганда, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу бороон болуп жол толугу менен көрүнбөй жаткандыктан, Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 219-чакырымынан тартып 234-чакырымына чейинки бөлүгү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жол жабык.
Азыркы учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдор ачылганда толук маалымат берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар