Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
29-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Даректер
26.10.2024 | 12:28
29-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт.
Мэриядан билдиришкендей, “Батыш” суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 29-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө Алыкулов көчөсү – Кустанай көчөсү – ЧЧК – Ала-Арча суусу – Рыскулов көчөсү – Интергельпо көчөсү – Темир жол тилкеси менен чектелген аймакта, ошондой эле (Прогородный айыл аймагы) Юбилейный көчөсү – Горький көчөсү – Садовый көчөсү (Прогородный айылы) – ЧЧК менен чектелген аймакта, Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер, 110 квартал конуштарында, Достук кичи районунда суу болбойт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар