Жалал-Абад шаарынын эки көчөсү 336 млн сомго оңдолууда

Жалал-Абад шаарынын эки көчөсү 336 млн сомго оңдолууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Ш.Абдраманов атындагы көчөсүн реконструкциялоо иши менен таанышты.

Жолдун узундугу 2,627 чакырым, туурасы 14 метр. Реконструкциялоо иштерине асфальт төшөө, түнкү жарыктандыруу жана лотокторду орнотуу, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолу каралган. Ондоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, жалпы сметалык баасы 152,8 млн сом. Толук бүткөрүү иштери жыл аягына пландалган.

Акылбек Жапаров ошондой эле оңдоо иштери жүрүп жаткан З.Жамашев атындагы көчөнүн иши менен таанышты. Мындагы жолдун узуну 2,539 чакырым, туурасы 9-14 метр. Реконструкциялоо иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган, ал республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, жалпы сметалык баасы 183,5 млн сом.

Бул объекттер менен таанышып чыккандан кийин Акылбек Жапаров мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири аймактарды өнүктүрүүгө жана республиканын аймактарында жумуш орундарын түзүүгө багытталганын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>