Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Экстремизмге шектелип, издөөдө жүргөн жаран чет өлкөдө кармалды
17.04.2026 | 12:10

Мурда экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзүүгө шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн А.Т. аттуу жаран чет өлкөдө кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы жаран социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу сот тарабынан экстремисттик деп таанылган материалдарды таркатуу жана тыюу салынган уюмдардын идеологиясын жайылтуу менен алектенген.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК терроризмди үгүттөө кылмыш болуп санала тургандыгын эскертет. Мекеме жарандарды диний билимди текшерилген булактардан гана алууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар