БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кышкы дөңгөлөгү жок унаалар алыскы жолго чыгарылбайт
04.11.2024 | 11:41
Жайкы дөнгөлөктөр менен жүргөн айдоочулар алыскы аймактарга чыгарылбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аталган башкармалык өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрө турганын, мындан улам алыскы жолго чыккан айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керектигин эскертет. Эгер бул талап аткарылбаса, айдоочулар “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” постторунан өткөрүлбөйт.
Ошондой эле башкармалык айдоочуларды жанына кошумча дөңгөлөк, дөңгөлөккө ороо үчүн чынжыр алып алууга, карама-каршы тилкеге чыкпоого, унаалар ортосундагы аралыкты сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом