ФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыяладыКочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылдыДепутат инсульттан кийин кароого муктаж болгон карылардын жакындарына маяна төлөөнү сунуштадыБишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткаратЛегендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылды
Милиция кармаган Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды
04.11.2024 | 11:54
Бишкекте милиция тарабынан кармалган Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук сотунан билдиришти.
Мотуевдин бөгөт чарасы 1-ноябрда каралып, тергөөчү келтирген өтүнүч бьоюнча ал 29-декабрга чейин үй камагына чыгарылган.
Эскерте кетсек, милиция Нурлан Мотуевди улуттар аралык кастыкты козутууга шектеп кармаган.
Милициянын маалыматы боюнча, Мотуев өзүнүн «Инстаграмдагы» баракчасына видео чыгарып, анда Кыргызстандагы бир улуттун өкүлдөрүнө карата жаман сөздөрдү айтып, улуттар аралык кастыкты козуткан. Ал видео боюнча экспертиза дайындалып, анын сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген жыйынтык чыккан.
Мотуевге кылмыш иши козголуп, ал шектүү катары кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом