Студент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташатТаластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтардыБишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалды
Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4,1 миллиондон ашты
10.11.2024 | 12:31
Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4 млн 135 миң 39га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Шайлоочулардын 51,62%ын (2 млн 134 миң 511) аялдар жана 48,38%ын (2 млн 528) эркектер түзөт.
БШК 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө тургандыгын эскертип, жарандарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинде бар экенин текшерип алууга чакырат. Тизмени 1255 же 119 номерине телефон чалып же tizme.gov.kg сайтынан текшерүүгө болот. Ошондой эле 14-ноябрга чейин өлкөдөгү бардык добушканаларга шайлоочулардын тизмелери илинет.
2023-жылдын 30-майына карата Кыргызстанда 3 млн 927 миң 752 шайлоочу бар болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом