КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионатында үчүнчү жеңишине жетти
11.11.2024 | 11:58
Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионаты Бундеслигада үчүнчү жеңишине жетишти.
Махмудов аталган мелдешке Германиянын «Шорндорф» клубунун катарында катышууда.
Кыргызстандык балбандын клубу 10-октябрда ASV Urloffen командасы менен таймаш өткөрдү. Анын алкагында Махмудов (80 кг) болгариялык Айк Мнацаканян менен кез келип, 7:5 эсебинде жеңишке жетти.
Ошондой эле Акжол Махмудовдун командасы атаандаш клубду 29:4 эсебинде жеңди.
Махмудов «Шорндорфтун» катарында күрөшө баштагандан бери 4 беттеш өткөрдү. Анын үчөөндө жеңишке жетип, бирөөндө жеңилүү ызасын тартты.
https://reporter.kg/bundesliga-akzhol-mahmudov-ekinchi-zhenishine-zhetishti-video/