Баткен облусунда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулатБишкекте Алматыдагыдай бирдиктүү микромобилдүүлүк оператору иштей башташы мүмкүн. Бул эмнени билдиретКендирбаева: 200 мектеп мугалими Москвада стажировкадан өтүп жататКыргызстанда салык органдарына отчёт берүүгө милдеттүү болгон коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси кеңейтилдиМыйзамсыз лотереяларды өткөргөн интернет-платформалар аныкталдыКыргызстан тамеки экспортун көбөйтүүдө
Кыргызстан чет жакка 3875 тонна кара өрүк экспорттоду
22.11.2024 | 11:44
Кыргызстан быйыл чет жакка 3875 тонна кара өрүк экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кыргызстанда кара өрүк жалпы 2325 га жерге тигилген. Ал негизинен Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунда өстүрүлүп, Казакстан, Өзбекстан жана Россияга сатыкка чыгат.
Ошондой эле Кыргызстандан чет жакка кара өрүктүн кагы да экспорттолот.
“Кара өрүктүн курамында адамга керектүү темир, кальций, фосфор, магний, маргенец ж.б бир топ керектүү витаминдер бар. Ошондой эле ал, ичеги-карындын, жүрөк кан тамыр системаларынын иштөөсүнө, бөйрөк, боор ооруларын алдын алып, остеопороз менен күрөшөт. Андан сырткары, рак клеткаларынын өсүшүнө тоскоолдук жаратат”, – деп билдирет министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом