ЖККУнун баш катчысы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгын жогору бааладыУКМК жаш IT-адистерди жана дрон инженерлерин кызматка чакырдыСадыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай ортосундагы түбөлүк достук келишимин ратификацияладыМинкаб башчысы: Жасалма интеллект адамды алмаштыра албайтКыргызстанда Россия киносунун фестивалын “Август” тасмасы ачатТрамп АКШ баңги картелдерине каршы кургактагы операциясын баштай тургандыгын билдирди
Токмокто аялын жана баласын сабап жүргөн жаран кармалды
23.11.2024 | 13:38
Токмокто аялына жана уулуна дайыма зомбулук көрсөткөн деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 28-октябрда Токмок ШИИБге 21 жаштагы М.С арыз менен кайрылып, аны жана 1972-жылы туулган апасы – У.М.ны дайыма сабап келген атасы – 1969-жылы туулган М.И.га карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Милиция тарабынан “Кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип 55 жаштагы М.И, кармалып, Бишкектеги №1 СИЗОго киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар