Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте №23 автобусту сүзгөн «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу ичимдик ичкени аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жол кырсык Б.Алыкулов — Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампа жолдо болгон. Анын айынан 8 адам жабыркаган. Алардын ичинен бешөө автобустун жүргүнчүлөрү, калган үчөө жеңил унаада келе жаткан.
Айдоочулар Наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, натыйжада «Мерседес-Бенцти» айдап келе жаткан жаран ичимдик ичкени аныкталган.
Учурда жол кырсыгына кабылган автобус менен жеңил унаа айып короого коюлуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Иликтөө иштери жүрүүдө.