Ошто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышатReporter.kg жана «Кыргызстан аэропорттору» расмий кызматташтыкты баштадыОоганстан Пакистандын Аскердик-аба күчтөрү Кандагардагы күйүүчү май резервуарларына сокку урганын билдирдиШаирбек Ташиев ИИМде сурак берүүдөУкук коргоочу Бүбүсара Рыскуловага БУУнун «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» сыйлыгы тапшырылды
УКМК Ташовдун жактоочусу Матцаковду кармаганы кабарланды
29.11.2024 | 13:30
УКМКнын кызматкерлери жактоочу Самат Матцаковду кармап, үйүндө тинтүү жүргүзүп жатканы кабарланды. Бул тууралуу укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Эркина Мукаш билдирди.
Азырынча жактоочунун эмне себептен кармалганы белгисиз. Матцаковдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
УКМКнын басма сөз кызматы аталган маалыматты тактап берерин билдирди.
Белгилей кетсек, Самат Матцаков “бийликти күч менен басып алууга аракет кылууга” айыпталган Имамидин Ташовдун, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча абакка кесилген акын Аскат Жетиген жактоочусу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом