УКМК Ош шаарынын мэриясында иштеген чиновникти кармады

УКМК Ош шаарынын мэриясында иштеген чиновникти кармады

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, буга чейин Пирматов муниципалдык менчик жана шаар куруу бөлүмүнүн башчысы болуп турганда, шаардык кеңештин мурдагы депутаты Алмаз Иминжановго Туран кичи районундагы сел агып өтө турган каналдын (аянты 2,2 га) жерин мыйзамсыз алууга жардам берген деп шектелүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган иш боюнча Оштун экс-вице-мэри Жасур Азимов, Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашим Семетеев, «Кадастр» ишканасынын Ош филиалынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаев менен Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошев кармалган.

Ал эми Алмаз Иминжановдун өзү издөөгө алынган.

УКМК Оштогу 4 экс-чиновникти кармап, бир депутатты издөөгө алды

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>