Перуда Zoomer революциясы: миңдеген жаштар көчөгө чыгып, кагылышуулар болдуАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болдуБишкекте май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы айтылуудаБаткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалдыЖанынан курал жана баңгизат табылды. Көлбаевдин уюшкан тобуна тиешеси бар жаран кармалдыМуниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков прокуратурага чакырылганын айтты
Канат Исаев дагы эки айга камакта калтырылды
03.12.2024 | 14:17
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясатчы Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Исаевдин бөгөт чарасы 2-декабрда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү боюнча 2025-жылдын 27-январына чейин камакта калтырылган.
Эскерте кетсек, 22-ноябрда Канат Исаев кармалганы белгилүү болгон. Соттун чечими менен ал 4-декабрга чейин камакка алынган. Исаевге “уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси боюнча айып тагылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом