Прокурордун формасын кийип, акча алган: Бишкекте аял алдамчылыкка шектелүүдөКыргызстанда түн ичинде үч жер титирөө катталды, эң күчтүүсүнүн магнитудасы 5,6 болдуКыргызстанда жүзүн жашыргандар үчүн айып пулду эки эсе азайтуу сунушталуудаКыргызстандык гимнасткалар эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болуштуАбанын температурасы 22°Cге чейин жетет: 4-ноябрга карата аба ырайынан божомолуКыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалууда
Бишкекте Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу өттү
17.10.2025 | 08:53

Бишкекте Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу өттү.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, жолугушууга Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов төрагалык кылды.
Иш-чара аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого, ошондой эле коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталды.
Бекболотов заманбап чакырыктар шартында стратегиялык көз караш менен активдүү дипломатиянын маанисин белгиледи.