Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
УКМК: Бишкекте баасы 268,9 млн сом болгон жер мамлекетке кайтарылды
03.12.2024 | 14:57
Бишкектеги Панфилов сейил багындагы теннис аянтчасынын жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, теннис аянтчасынын жерин буга чейин чоң кызматта отурган адамдар мэриядан токтом чыгартып жеке менчикке берип жиберишкен.
УКМК алардын иш-аракети менен аталган жер мамлекетке кайтарылган, ал боюнча соттун чечими чыкканын билдирди. Бирок ал жер кимдин менчигинде болуп келгени тууралуу маалымат берген жок.
Теннис аянтчасы турган жердин аянты 48 сотыхты түзөт. Ал 268 млн 900 миң сомго бааланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом