Кыргызстандык тайбоксчулар Комбоджадагы дүйнө чемпионатына катышат

03.12.2024 | 17:48

Кыргызстандык тайбоксчулар Комбоджанын Сиемреап шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 5-9 декабрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандын 10 спортчу барат.

Курама команданын тизмеси:

– 70 кг, Махабат Орозбекова;

– 54 кг, Диана Зайнитдинова (14 жаш);

– 54 кг, Нурсултан Карбозов (14 жаш);

– 51 кг, Аланур Абдыкаров (15 жаш);

– 48 кг, Алия Саалыева (16 жаш);

– 51 кг, Милана Шихшабекова (17 жаш);

– 60 кг, Аделя Асылбек кызы (17 жаш);

– 60 кг, Алберт Бактыбеков;

– 60 кг, Элазан Замирбеков;

– 63,5 кг, Ихтяр Каныметов.

Курама команда мелдешке машыктыруучулар Дилшат Даутов жана Александр Кононенконун жетекчилиги алдында катышат.

Scroll to Top