Иран Бахрейнге сокку урду: АКШга кандай сигнал берди — саясат таануучу КожемякинКыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
Москвада кыргызстандык сөгүнүп, мушташ чыгаргысы келген деп айыпталып камакка алынды
03.12.2024 | 16:53
Москвада Кыргызстандын жараны коомдук жайда сөгүнүп, мушташ чыгаргысы келген деп айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу Москва шаарынын жалпы юрисдикциядагы соттордун Телеграм каналында айтылат.
Соттун маалыматы боюнча, кыргызстандык Ч. Сартбаев мас болуп, коомдук жайда сөгүнүп, башка адамдар менен мушташ чыгаргысы келген. Полициянын талаптарына баш ийген эмес.
Жыйынтыгында ал “майда бешбаштыкка” күнөөлүү деп табылып, сот аны 5 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом