Парламент төрагасына кызматтан кеткенден кийин экс макамын берүү сунушталууда

Парламент төрагасына кызматтан кеткенден кийин экс макамын берүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин төрагасына кызматтан кеткенден кийин экс макамын берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттардын тобу даярдады.

Алардын сунушу боюнча, экс-төрага макамын алган адамга жана анын жубайын акысыз медициналык кызмат алуу, дипломатиялык паспорт алуу, аэропорт, темир жол бекеттеринин расмий жана делегациялар үчүн залдарын акысыз колдонуу сыяктуу артыкчылыктар берилет.

Бирок Жогорку Кеңештин төрага өлкө жарандыгынан чыгып, башка мамлекеттин атуулдугун алганы, чет өлкөгө жашаганы кеткени, каза болгону, парламент жыйындарына келбегени шайлоо жараксыз деп табылганы үчүн же акыл-эси ордунда эмес деп депутаттык мандатынан ажыратылса, ага экс макамы берилбейт.

Ошондой эле экс-төрага макамын алган адам соттоло турган болсо, ал макамынан ажырайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>