«Бонецкий лабораториясы» мамлекетке 423 млн сом айыппул төлөй турган болду

«Бонецкий лабораториясы» мамлекетке 423 млн сом айыппул төлөй турган болду

«Бонецкий лабораториясы» («Интелмед» ЖЧКсы) мамлекетке 423 млн сом айыппул төлөй турган болду.

Белгилүү болгондой, быйыл жаз айларында Монополияга каршы агенттик «Бонецкий лабораториясы» COVID-19 пандемиясы учурунда «Атаандаштык тууралуу» мыйзамды бузуп, рыноктогу үстөмдүк абалынан пайдаланып ПЦР-тесттин баасын кымбат койгон деп компанияга 423 млн сом айып салган.

Компания ал билдирүүнү четке кагып, сотко кайрыла турганын кабарлаган.

Айтканындай эле «Бонецкий» Бишкектин Административдик сотуна кайрылып, Монополияга каршы агенттиктин айыппул салуу тууралуу токтомун жокко чыгарууну суранган. 24-майда сот компаниянын доо арызын канааттандырган.

Кийин 1-августта бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып, биринчи инстанциянын чечими жокко чыгарылган. Шаардык сот «Бонецкийдин» доо арызын канааттандырган эмес.

Жакында эле, 28-ноябрда Жогорку сот бул ишти карап шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Жыйынтыгында «Бонецкий лабораториясы» мамлекетке 423 млн сом айыппул төлөй турган болду.

Бонецкий лабораториясы Монополияга каршы кызматына жооп берди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>