УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия жана Армениядан алып келинген унаалар боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жолугушууга ИИМ, президенттин администрациясынын, Бажы жана Салык кызматтарынын жана Абхазия менен Армениядан ташып келинген унаа ээлеринин өкүлдөрү катышкан.
Жыйында Кыргызстан Абхазия унааларынын номерлерин жана башка документтерин тааныбай тургандыгы, андыктан ал жактан алып келинген унаалар мыйзамсыз экендиги айтылган. Кыргызстанга Армения менен Абхазиядан 15 миңге чукул унаа ташып келингени, алардын 90%ы оң рулдуу экени, 2015-жылдан бери оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салынганы белгиленген. Ташылып келген унаалардын көбү кураштырылып жасалганы айтылган.
«Бир дагы мыйзамсыз унаа Кыргызстандын аймагында жүрбөшү керек. Силер жеке өзүңөрдү ойлоп 5000-6000 долларга алган унааңар жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Силер бизди «нааразычылык акцияларына чыгабыз»- деп коркутпагыла, мыйзамсыз алып келип, «мыйзамдаштырып бергиле»- деп доо да койбогула! Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде – автоунаа ээлеринин кандайдыр бир документи барларын, техникалык абалы жакшыларын карап чыгып, мыйзамдаштырып берели деп жатабыз, бирок алардын ичинде мыйзамдашпай тургандары да бар. Азырынча чечим кабыл алына элек, унааңар мыйзамсызбы?, анда айдап чыкпагыла» – деген Ташиев.
Жолугушуунун жүрүшүндө тийиштүү мекемелердин жана автоунаа ээлери тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин баарын эске алуу менен жакын арада тийиштүү чечимдер кабыл алына турган болду.