Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Ошто жарандарды 44 млн сомго сызга отургузуп кеткен деген шектүү кармалды
12.12.2024 | 10:37
Ош облусунун Ноокат районунда бир нече жаранды 44 млн сомго алдап кеткен деп 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, ноябрдын аягында аларга Кара-Суунун тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл 24-июлда сыртынан тааныш болгон Ноокат районунун 43 жаштагы тургуну (У.Т.) анын малын 19 млн сомдон ашык акчага баалап алып, кийин акчасын бербей изин жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө 7-декабрда шектүү катары 43 жаштагы У.Т. кармалган. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.
Андан кийин анын үстүнөн дагы 4 киши арыз жазган. Жарандарга 44 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом