Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Оң рулдуу унаа менен такси кылууга тыюу салган мыйзам экинчи окууда жактырылды
19.12.2024 | 15:03
Жеңил унаасы менен таксист болуп иштеген жарандарды лиценция алууга милдеттендирген мыйзам долбоору бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында экинчи окууда кабыл алынды. Лицензия ИИМ тарабынан берилет.
Депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында билдиргендей, бул мыйзам кабыл алынса, оң рулдуу унаалар менен такси кылууга тыюу салынат.
Аталган мыйзам алдыда үчүнчү окууда кабыл алынышы керек. Андан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом