«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын аты өзгөртүлдү. Жаңы аты кандай?
19.12.2024 | 15:38
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун атын өзгөртүү тууралуу чечим чыкты. Бул тууралуу «Акчабар» өздүк булактарына таянып жазды.
Бүгүн, 19-декабрда компаниянын акционерлеринин жыйыны өтүп, акционердик коомдун аты өзгөртүлгөн. Көпчүлүк добуш менен акционердик коомго “Кыргызстандын аэропорттору” деген ат берилген.
Эскерте кетсек, буга чейин «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун атын өзгөртүү пландалып жатканы кабарланган. Ошол эле учурда компанияга тиешелүү борбор калаанын четиндеги «Манас» аэропортунун аты ошол бойдон калары айтылган. Ал “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын Бишкектеги филиал болот.
https://reporter.kg/manas-el-aralyk-aeroportu-aaksynyn-aty-ozgorot/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом