Бишкек шаарында III Элдик курултай өтүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Курултай бүгүн, 20-декабрда башталып, 21-декабрда жыйынтыкталат. Ага аймактардан 700 делегат келген.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин, мекемелердин жана башка уюмдардын жетекчилери катышууда.