Кумарканага 287 миң сом уттурган жигит өзүнө бычак сайган. Окуянын чоо-жайы

Кумарканага 287 миң сом уттурган жигит өзүнө бычак сайган. Окуянын чоо-жайы

Чүйдүн Токмок шаарында жаш жигит кумарканага акча уттуруп, аны белгисиз адамдар карактады деп милицияга жалган маалымат берген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, аларга 18 жаштагы жигит (А.Р.) арыз менен кайрылып, 14-декабрь күнү түнгө жуук белгисиз үч киши сабап, бычак сайып 287 миң сом акчасын тартып алганын билдирген.

Аталган факт боюнча «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери учурунда арыз жазган жигиттин айткандары калп экени, аны эч ким карактабаганы аныкталган. Ал онлайн кумаркана ойногондуктан, 287 миң сом акчасын уттурган. Атасы билип калат деп коркуп, акчаны кимдир бирөөлөр карактады деген окуяны ойлоп тапкан. Ал өзүнө-өзү бычак сайып, аны ыргытып жиберген.

Милиция ал жигит менен атасынын катышуусунда окуя жеринде кароо жүргүзгөн. Ал бычакты ыргыткан жерин көрсөтүп берген.

Соттук-медициналык экспертиза ал өзүнө-өзү бычак сайган болушу мүмкүн экенин көрсөткөн.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен жалган маалымат берген жигитке карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Милиция Кылыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча кылмыш жасалганы тууралуу атайылап жалган маалымат бергендер үчүн жаза каралганын эскертет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>