6-декабрга карата аба ырайыТарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяланды
Боксчу Сейитбек уулу “Манас” ордени, машыктыруучулары “Даңк” ордени менен сыйланды
23.12.2024 | 12:15
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпионатында коло уткан боксчу Мунарбек Сейитбек уулу III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган сыйлык Мунарбек Сейитбек уулуна дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери үчүн берилген.
Ошондой эле анын жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен бокс боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери, ошондой эле республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы үчүн “Даңк” ордени менен сыйланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом