Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Оштогу борбордук базар 20-январда ишин токтотот
07.01.2025 | 09:29
Ош шаарында А.Навои көчөсүндө жайгашкан борбордук базар 20-январда жабылат. Бул тууралуу мэриядан эскертишти.
Аталган убакытка чейин соодагерлер Б.Осмонов көчөсүндө салынган жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп барышы керек. Болбосо 20-январдан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат.
“Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт“, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом