Баткенде күйөөсү бычактаган дарыгер аял ооруканага түшкөнү айтылды. Милиция үн катты

07.01.2025 | 11:51

Баткен облустук милициясы күйөөсү бычактап ооруканага түшкөнү айтылган тууралуу боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой, 31-декабрга караган түнү Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жараат алган 31 жаштагы келин (И.Ч.) түшүп, ал тууралуу милицияга кабар берилген.

Бул факт каттоого алынып, ооруканага ыкчам-тергөө тобу барган.

Сурак учурунда келиндин 32 жаштагы күйөөсү (М.Б.) 30-декабрда жубайы менен пикир келишпестиктен улам урушуп кеткенин билдирген.

Ошондой эле келин көрсөтмө берип, өзүнө-өзү кол салганын, эч кимге арыз-доосу жок экенин айткан. Учурда аялдын абалы орто, бир калыпта.

Милиция тергөө амалдары жүрүп жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирди.

“Азаттык” жазгандай, 6-январда Баткендеги блогер Батмакан Жолболдуева “Фейсбуктагы” баракчасына дарыгер келинди жолдошу бычактап салганын жазып, күйөөсүнө чара көрүүнү талап кылган.

Scroll to Top