Коомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салындыКыргызстан айыл чарбага спутниктик технологияларды киргизүүдөБакыт Төрөбаев: Айылдарда ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керекТөлөп беребиз деп убадалап, дайынсыз жоголушкан: Чүй облусунда алдамчылык фактысы аныкталдыЭквадордо теракт болду. Унаа жарылып, бир адам каза болуп, экөө жаракат алдыКесек көмүрдү унаа менен тышка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди
Алайда мал уурулукка шектелип эки жаран кармалды
08.01.2025 | 11:38
Ош облусунун Алай районунда маал уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 29-декабрга караган түнү Курманжан Датка айыл аймагында бир тургундун 2 баш кою, дагы биринин 1 баш кочкору уурдалган. Аларга болжол менен 60 миң сом зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 54 жаштагы Р.Б. жана 24 жаштагы Н.Н. уулу аттуу жарандар кармалган.
Милиция билдиргендей, шектүүлөр уурдалган койлорду мал базарга алып барып, сатып жиберген. Учурда уурдалган малды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка уурулук фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.