Жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарды суу капташы күтүлүүдөАйпери Медет кызы бүгүн Хорватиядагы дүйнө чемпионатында килемге чыгатӨзү сырдап: Муниципалдык инспекциянын башчысы Бишкектеги граффити менен күрөшүүдөЖК төрагасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуштуБишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер кеңейетТүркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Бишкекте түн ортосунда шаар тургуну тонолгон. Шектүү кармалды
08.01.2025 | 17:42
Бишкекте тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча 30-декабрга караган түнү болжол менен саат 01:30да Асанбай кичирайонунда белгисиз адам шаар тургунуна күч колдонуп, 6 миң сом тартып алган. Ал 1-январда милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 24 жаштагы жаран (Т.Э.) кармалган. Учурда анын башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы текшерилүүдө. Мындан улам милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0707 52 52 22 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.