Мамлекетке кайтарылган «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводунда дары-дармектин беш түрү чыгарыла баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ишканада парацетамол (суспензия жана таблетка түрүндө), ибупрофен (суспензия түрүндө), ацетилсалицил кислотасы (таблеткалар), ацикловир (таблеткалар) чыгарылууда.
Бүгүн, 10-январда ишканага барган министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, «Айдан Фарма» былтыр жыл аягында медициналык этил спиртин чыгара баштаган.
«Бүгүнкү күндө «Айдан Фарма» дары-дармектин беш түрүн чыгара баштады. Быйылкы жылы продукциянын ассортиментин 100 даанага чейин кеңейтүү, келечекте экспортко чыгуу пландалууда. Заводдун продукциясы сапат стандарттарына жооп берет жана өздүк наркы кыйла арзан», — дейт Бейшеналиев.
Аталган дары-дармектер менен мамлекеттик ооруканалар камсыз кылынып, «Эл Аман» дарыканаларында башка жерлерге караганда арзан баада сатылат.