Бишкек шаарына 207 миңден ашуун түп жоогазын отургузулуудаМинистрлер кабинети: Курулушка уруксат берүү мөөнөтү үч эсеге кыскартылдыКыргызстанга жарым жылда 709,9 млн доллар түз чет элдик инвестиция тартылдыБишкектеги Политехникалык колледжге имаратты 7 күндө бошотуу тапшырылды — эмне болуп жатат?Кыргызстанда санариптик активдердин 194 лицензияланган провайдери иштейтКасымалиев салык жүгүн азайтуу боюнча үч чара тууралуу айтып берди
Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды
10.01.2025 | 15:29
Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИмдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Шектүү катары 53 жаштагы жаран Х.Х. кармалган. Анын күрмөсүнөн Alpha-PVP психотроптук заты табылып алынган. Милиция кызматкерлери шектүүнүн телефонун текшерип, баңгизат катылган жерди табышкан. Маңзат шаардагы райондордун биринде болгон. Ал жерден Alpha-PVP жана “медефрон” баңгизаты табылып алган. Анын баасы 1,6 млн сомго жетет.
Кармалган жаранга “баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” берене боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом