2023–2026-жылдардагы турак жайды менчиктештирүүгө жаңы коэффициент киргизилетСпутниктен баштап фермердик азыктарга чейин: Бишкектеги «АгроТехЭкспо — 2026» эмнеси менен таң калтырдыБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуЖогорку Кеңештин төрагасы Бишкекте өтө турган тоо саммитине япон делегациясын чакырдыAsman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөт
Бишкектеги мейманканада жаранды карактоого шектүүлөр кармалды (видео)
10.01.2025 | 17:01
Бишкектеги мейманканада жарандын 50 доллары жана 13 миң сомдук телефону каракталган. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 9-январга караган түнү болгон. Белгисиз адамдар Огонбаев көчөсүндөгү мейманкананын номерлеринин бирине кирип келип, Д.И. аттуу жаранды бычак менен коркутуп, телефон менен акчасын алып кеткен. Алар “Хонда Фит” унаасы менен изин жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча “каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Б.Н., 25 жаштагы М.А. жана 20 жаштагы Ж.К. аттуу жарандар кармалган.
Милиция буга чейин каракчылар 50 миң доллар алып кеткенин айткан, бирок кийинчерээк тактоо киргизип, 50 долларды каракталганын билдирди.