Сурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болдуЖалпы жарандык паспортту эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алмаштырууга болотЖапония Кыргызстандагы миңдеген фермерди колдоо үчүн 4,5 млн доллар бөлөт20-февралга карата аба ырайыErasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайланды
Базар-Коргондо УКМК салыкчыны кармады
13.01.2025 | 10:43
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салык кызматкери (О.С.А.) мүлк жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык карыздарынын жоктугу/бар болгондугу жөнүндө маалымкат алуу, салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлерге салык чендерин азайткандыгы үчүн пара алып жүргөн.
Ал 9-январда кармалган. Салыкчыга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.