Абдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда
Аксыда 50 жаштагы аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду
13.01.2025 | 18:48
Жалалз-Абаддын Аксы районунда 50 жаштагы аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 10-январга караган түнү денесинде көгала тактары бар, өзү эсин жоготкон абалда болгон 50 жаштагы аял (М.А.) тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Ага дарыгерлер “мээсиндеги кан айлануунун бузулушу” деген диагноз койгон. Саат 09:22де ал көз жумган.
Маркумдун агасы милицияга арыз жазып, карындашынын өлүмү боюнча күйөө баласына чара көрүүнү суранган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден-соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүү катары маркумдун 50 жаштагы күйөөсүн (О.Д.) кармаган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.