УКМК: Баткенде баасы 22,5 млн сом болгон жер мамлекетке кайтарылды

14.01.2025 | 11:53

Баткенде баасы 22,5 млн сом болгон жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жер 2011-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, «Раззаков – Бишкек – Раззаков» багыты боюнча каттаган унаалардын токтотмо жайы болуп келген. Аталган жер Раззаков шаарынын мэриясына ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилген. Анын аянты 15 сотыхты түзөт, баасы 22,5 млн сомго жетет.

Scroll to Top