Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржыладыМихаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салындыКыргызстан айыл чарбага спутниктик технологияларды киргизүүдөБакыт Төрөбаев: Айылдарда ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керекТөлөп беребиз деп убадалап, дайынсыз жоголушкан: Чүй облусунда алдамчылык фактысы аныкталды
Туристтердин жоругунан кийин Көл-Сууда унаа айдоого тыюу салынды (видео)
17.01.2025 | 12:26
Нарындын Ак-Сай өрөөнүндөгү Көл-Суу көлүндө кышында муз бетинде унаа айдоого тыюу салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Буга чейин соцтармактарга тоңуп турган Көл-Сууга туристтер унааларын айдап, жарышып, оюн уюштурганы тартылган видео тараган. Бул көрүнүш экоактивисттердин нааразычылыгын туудурган.
Андан кийин жерине мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия барып, Кел-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгын, резина калдыктары калбагандыгын, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендигин аныктаган. Алар муз бетинде унаа айдоого тыюу салган.
Ошондой эле туристтерди тоскон “Медер Ютком” мейманканасынын ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом