Бишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбиялануудаАялын атып өлтүрүүгө шектелип жаткан мурдагы милиция кызматкерине карата иликтөөнү эми УКМК жүргүзөтПрезидент тышкы карызды төлөө боюнча Финансы министрлигинин божомолунан эки эсе ашкан суммаларды атадыСадыр Жапаров Кыргызстан тышкы карыздарын 2035-жылы төлөп бүтүрөрүн билдирдиӨкмөт жыгачты ЕАЭБден сырткары ташып чыгууга тыюу салууну узартты
Бишкекте жигит өспүрүм кызды сабап, телефонун тартып алган (видео)
17.01.2025 | 17:45
Бишкекте жаш жигит өспүрүм кызды сабап, телефонун тартып алган. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 11-январда кечинде Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Эркек бала 17 жаштагы кызды сабап, анын 40 миң сомдук “Айфон 11” телефонун тартып алган.
Эртеси күнү кыздын апасы милицияга рыз жазган.
Аталган факт боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыши иши козголуп, иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 20 жаштагы жигит (Ж.Б.) кармалган.
Учурда милиция анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын текшерүүдө.