Жанынан курал жана баңгизат табылды. Көлбаевдин уюшкан тобуна тиешеси бар жаран кармалдыБыйыл дыйкандар кант кызылчасын заводго онлайн кезек менен тапшыруудаПеруда жаштар нараазычылык акцияларына чыгып, өлкөдө өзгөчө абал жарыяланганы туратЦарикаев прокуратурага чакырылдыМөндүр, кургакчылык: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла азАэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн да жүрөт
Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүүдө
19.01.2025 | 10:19
Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жарманкенин максаты – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо жана шаар тургундарын айыл чарба продукцияларын дүң баада берүү.
Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү, саат 09:00дөн 19:00гө чейин Темир жол вокзалынын жанында Түгөлбай ата көчөсү менен Тыныстанов жана Эркиндик көчөлөрүндө өткөрүлөт.
Бардык суроолор боюнча министрликтин кызматкерине 0702 702 000 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.
Рубрики: Жаңылыктар