Бишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыкты
Айбек Жунушалиев 2023-жылы эки млн сомдон ашык киреше тапкан
21.01.2025 | 10:22
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2023-жылы 2 млн 39,9 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу анын декларациясында айтылат.
Ошондой эле ал декларациясында 3 млн 382 миң сомдук унаалары бар экенин жазган.
Ал эми анын жакын туугандары мурдагы жылы 301,5 миң сом киреше тапкан. Алардын ээлигинде 133,1 чарчы метр үйү жана 534 миң сомдук унаасы бар экени көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, Жунушалиев мэр кызматына 2023-жылы октябрдын аягында келген. Ага чейин президенттин жана өкмөттүн чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчы болуп иштеген.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом