«Бала менен ыктыярдуу жыныстык катнаш болбойт»: Бекешев жазаны жеңилдетүү жөнүндө7-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөт
Кара-Балтада 2 аял пенсионер кемпирдин 600 миң сомун уурдап кеткен
21.01.2025 | 09:51
Чүйдүн Кара-Балта шаарында пенсионер кемпирдин акчасын уурдоого шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 18-декабрда эки аял 77 жаштагы пенсионер кемпирдин үйүнө келип, ага байкатпай 600 миң сомун уурдап кеткен. Пенсионер милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 30 жаштагы И.Т. жана 26 жаштагы М.М. аттуу аялдар кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.