Интернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыПеруда Zoomer революциясы: миңдеген жаштар көчөгө чыгып, кагылышуулар болдуАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болдуБишкекте май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы айтылуудаБаткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалды
Беш облуста тогуз айылдын аты өзгөрдү
22.01.2025 | 09:00
Президент Садыр Жапаров “Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2024-жылы 5-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык:
Жалал-Абаддын Аксы районунун Таштак айылы Малкалды, Ноокен районунун Параканда айылы Баракелде;
Нарындын Кочкор районунун Большевик айылы Баялы Исакеев;
Таластын Бакай-Ата районунун Ынтымак айылы Шадыкан, Манас районунун Новодонецк айылы Айтматов, Талас районунун Козучак айылы Жанкороз Олуя,Балбал айылы Жаныбек Бааты;
Чүйдүн Москва районунун Чоң-Арык айылы Сыйдалы;
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенка айылы Ак-Суу деп өзгөртүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом