Мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулду
Синтетикалык тор саткандарга 28 миң сомго чейин айып салынат
22.01.2025 | 10:00
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө синтетикалык торлорду жана балык кармоо үчүн электр шаймандарын алып кирүүгө, чыгарууга, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынганын эскертет.
Министрликтин кызматкерлери мыйзамдын сакталышын текшерүү үчүн “Дордой” базарында жана башка соода түйүндөрүндө рейд уюштурган. Балык уулоочу шаймандарды саткан жерлерде синтетикалык торлор табылган эмес. Сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Мыйзамды бузгандар жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып каралган.
Былтыр инспектор-экологдор браконьерлерден, көлдөрдөн 33 миң метрден ашык синтетикалык тор тартып алынып, 2 млн сомго жакын айып салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом